Главный » Русские песни » Калыс Жакыпов - Санат ыры

Калыс Жакыпов - Санат ыры

Калыс Жакыпов - Санат ыры
  • Исполнитель: Калыс Жакыпов
  • Песня: Санат ыры
  • Длительность MP3: 4:22
  • Размер MP3: 4,02 MB
  • Качество MP3: 128 kbps
  • Дата релиза: 13-12-2020, 10:46
  • Скачиваний: 359

Хотите скачать песню Калыс Жакыпов с классным звучанием? На сайте Muzzona.Kz ХИТ Калыс Жакыпов 2020 года «Санат ыры» скачали больше 359 раз – бесплатно в mp3 формате.

Текст песни Калыс Жакыпов - Санат ыры
Тумчугамын, түбү жок санааларга батамын,
Бийиктерге жетелейт ак батасы атамдын,
Издеп жүргөн бейишим таманында апанын.
Азаматты эр кылган бата болот турбайбы,
Жашоодогу дөөлөтүң ата болот турбайбы,
Жаман жүрсөң ичинен капа болот турбайбы.
Түгөнбөгөн берекең апа болот турбайбы,
Үйүңдөгү базарың бала болот турбайбы.

Көзүңдү ачып-жумганча кеч кирет да, таң атат,
Сыйлашалы кел, досум, өмүр өтүп баратат,
Тирүүлүктө адамдар бири-бирине аманат.
Бешик көркү бөлөнгөн бөбөк болот турбайбы,
Агасына иниси жөлөк болот турбайбы.
Бир туугандар бир үйдө өзөк болот турбайбы,
Бой жеткенде үй-жайың бөлөк болот турбайбы,
Карыганда неберең эрмек болот турбайбы.

Ташы менен урганды, ашың менен тосуп ал,
Турмуш деген татаал жол, жакшы чөйрө күтүп ал.
Түбөлүктүү жарыңды алып качпай, сүйүп ал.
Жалынсаң да токтобос өмүр болот турбайбы,
Назиктердин назиги көңүл болот турбайбы.
Тууганыңдан жакыны коңшу болот турбайбы,
Акыретте жаныңда досуң болот турбайбы.
Балалыгың жомоктой эсте калат турбайбы,
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы.
Өмүр өтсө бул денең жерде калат турбайбы,
Бектер кетип, кайра эле элдер калат турбайбы.

Похожие песни
Калыс Жакыпов - Суйгонум (cover)
1:50
Калыс Жакыпов - Биз бакытты издедик
3:22
Калыс Жакыпов - Биздеги махабат
3:21
Калыс Жакыпов - Сени мага жараткан өзү сыйлаган
3:07
Санат Абильханов - Қайда
3:39
2024 © Скачать музыку По всем вопросам пишите на: [email protected]